www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров саясат таануучу Марат Казакпаев менен “Айыл банктын” төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмү боюнча комиссия түзүүнү тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Комиссия окуялардын жагдайларын ар тараптуу изилдеп чыгат. Жыйынтыгы өлкөнүн жогорку жетекчилигине берилет.

Эскерте кетсек, бир жылдан ашык тергөө абагында кармалып турган саясат таануучу Марат Казакпаев 10-июнь күнү каза болгон. Андан бир күн мурда УКМКнын тергөө абагынан эс-учун жоготуп, ооруканага комага түшкөн абалда жеткирилген. Адвокатынын айтымында, ал инсульт алып, мээсине кан куюлуп кеткен.

Ал эми 18-июнь күнү УКМКнын тергөө абагында отурган "Айыл банктын" насыяларды тескөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бакыт Асанбаев өз жанын кыйды. Ал "Айыл банк" төрагасынын орун басары болуп дагы иштегени маалым.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости