www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүлөт. Бул тууралуу мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев айтканын Sputnik Казакстан жазды.

"Мен көп ойлонуп, президенттик мөөнөттү карап чыгуу керек деген жыйынтыкка келдим. Мисалы, жети жылдык бир мөөнөт менен чектөөнү сунуштайм. Кайра шайланууга тыюу салынат", — деди Токаев.

Ошондой эле ал январь окуясына катышып, бирок оор кылмыш жасабаган жарандардын жазасы жеңилдээрин айтты.

"Мыйзам бузгандардын айрымдары өздөрүнүн күнөөсүн түшүнүп, өкүнүп калышты. Ошондуктан мен январь окуясынын катышуучуларына бир жолку мунапыс жарыялоону чечтим", — деди президент.

Эске салсак, Токаев Казакстандын башчылыгына 2019-жылы март айында ошол кездеги президент Нурсултан Назарбаев өз эрки менен кызматтан кеткенден кийин келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости