www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын жогорку даражалуу жетекчилери жаракат алган Моджтаба Хаменеи менен түз байланыштан убактылуу баш тартып жатышат. Бул тууралуу The New York Times жазды.

Маалыматка ылайык, аткаминерлер Израиль алардын кыймылын байкап, сокку урушу мүмкүн деген кооптонуудан улам коопсуздук чараларын күчөтүшкөн.

Булактардын айтымында, оор жаракат алганына карабастан, Хаменеи акыл-эси тунук бойдон калып, башкаруу иштерине катышууну улантууда. Ал колу-бутуна бир нече операция жасатып, келечекте протез коюлушу мүмкүн. Ошондой эле анын бети катуу күйүп, сүйлөшүүсү кыйындаганы айтылууда.

Дарылоо процессине Иран президенти Масуд Пезешкиан (кардиохирург) жана саламаттык сактоо министри түздөн-түз катышууда. Хаменеи менен байланыш ишенимдүү курьерлер аркылуу жазма каттар менен жүргүзүлүп жатканы кабарланды.

Эске салсак, 28-февралда Израилдин аба соккусунан Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болгон. 8-мартта Моджтаба Хаменеи Ирандын жаңы жогорку лидери болуп шайланган.

Последние новости