www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков санарип боюнча Кыргызстан биринчи сапта болуш керектигин белгиледи.

Бул тууралуу ал, 14-декабрда Коопсуздук кеңештин отурумунда айтты. Өлкө башчысы мамлекеттик органдардын башкы максаты — элге кызмат көрсөтүү экендигин баса белгиледи. Белгилей кетсек, жыйынга облус, район башчылары да келген.

“Санариптүү келечек аркылуу бюрократия, коррупцияны жоюп, ачык коомду түзөбүз. Бирок, ага тоскоол болгон жагдайлар бар. Айрым мамлекеттик кызматкерлер алардын башкы максаты сапаттуу тейлөө экендигин жакшы түшүнүшпөй эле. Региондордо кээ бир жетекчилер кабинетин жаап, тойго кетип калат. Ушундайлар дагы бар», — деди президент.

Сооронбай Жээнбеков:

"Бюрократия биздин бардык жакшы пландардын баарына тоскоол болуп жатат. Бардык жерде майда чиновниктер пара ала турган шарттар түзүлгөн.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү органдардын баары теӊ керек болсо түшкү тыныгуусуз иштесин. Элди жумалап күттүрбөсүн.

Буга окшогон фактылар түп-тамырынан бери жок кылынып, күнөөлүү адамдар жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

Мындай болбойт, мындайга жол берилбеш керек!

Жогорудагы мисалдардын баары мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө санариптик технологияларды масштабдуу киргизүүнү шарттайт. Коррупциялык көрүнүштөрдү жоюп, ар кандай кагаздарды жана бюрократияны азайтат.

Бул максатка жетүү үчүн азыркы учурда Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы пилоттук режимде иштей баштады. Учурда 10 кызмат электрондук форматта көрсөтүлүп жатат. Эки жума ичинде, ушул жылдын аягына чейин электрондук форматта кызмат көрсөтүүлөрдүн саны 25ке жеткирилет. Андан сырткары Мамлекеттик каттоо кызматынын 25 кызмат көрсөтүүсү бирдиктүү порталга киргизилиши зарыл.

Жыйынтыгында 2019-жылдын аягына чейин 189 кызмат электрондук форматка өткөрүлөт.

Бул иштер белгиленген мөөнөттөн кечиктирилбей аткарылышы керек.

Жарандарыбыз айтылган кызматтарды электрондук форматта толук бойдон ала башташ үчүн „Түндүк“ электрондук системасын ишке киргизүүнү тездетүү өтө чоӊ мааниге ээ.

Бул иш бардык мамлекеттик органдардан көз каранды.

Жалпысынан бул багыттагы жумуштар  бекитилген план боюнча жүрүп жатат. З мамлекеттик орган — Ички иштер министрлиги, Кыргызпатент жана Финансы чалгындоо кызматы жумушту планда көрсөтүлгөн мөөнөттөн  эрте бүткөрүштү.

Бекитилген пландан артта калып жаткан 2 министрликти белгилей кетиш керек. Булар — Транспорт министрлиги жана Саламаттык сактоо министрлиги.

Транспорт жана жолдор министрлигине бул ишти бүтүрүү үчүн 1 айлык мөөнөт берилет. Жаӊы жылдын январь айынын ичинде министрликтин маалымат системасын „Түндүккө“ кошулуусун камсыз кылыӊыз.

Дагы бир маанилүү жагдайды белгилей кетүү зарыл. Мындан ары интернет компаниялардын да ачык айкын иштөөсү зарыл.

Азыркы учурда байланыш операторлору тарабынан салыкты жашыруу фактылары көп кездешип жатат. Мисалы, азыр „Акнет“ жана „Элкат“ компанияларынын иши боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Ушул кемчиликти жоюу максатында Экономика министрлиги, Мамлекеттик салык кызматы, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети интернет трафикти  так эсепке алууну ишке ашыруу үчүн тиешелүү укуктук-ченемдик акт иштеп  чыгып, кабыл алуусу зарыл.

Концепцияны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн Өкмөт жана тиешелүү мамлекеттик органдар жол картасын кабыл алышы керек. Аны толук бойдон ишке ашыруу үчүн Өкмөт өзүнүн болгон ресурстарын жумшоосу зарыл.

Баардык кызыкдар тараптардын кызматташуусу үчүн Жогорку технологиялар паркы аянтча болуп берет. Ал санариптик бизнести өнүктүрүүдө жана санариптик кызматтарды экспорттоодо Өкмөттүн колдоосуна абдан муктаж болот.

Өлкөбүз үчүн өтө маанилүү бул реформаны ишке ашыруу процессине такай мониторинг жүргүзүп, иштин жүрүшүн баалап туруу — Коопсуздук кеӊештин Секретариатына тапшырылат.

Ал эми „Санариптик Кыргызстан“ концепциясын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьери Кубатбек Бороновду жооптуу кылып бекитүүнү сунуштайм.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында Концепцияны ишке ашырууну башкаруу боюнча Улуттук борборду түзүү — максатка ылайыктуу иш болот.

Ушул Концепцияны ишке ашыруу өлкөнү санариптик трансформациялоону тездетет. Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түрткү берет.

 Жаңы санариптик технологияны киргизүүнүн үстүндө чымырканып иштебесек, биз өнүккөн дүйнөдөн четте калуу коркунучунда калабыз.

Мамлекетибиз жакынкы 5 жылдын ичинде региондогу санариптик экономиканын лидерлерине жетүүсү зарыл.

Уланып жаткан коррупция жана бюрократизм алдыңкы өнүккөн Кыргызстанды курууга жол бербейт. Коопсуздук кеңешинде кабыл алган санариптик трансформациялоо Концепциясы Кыргыз Республикасынын тарыхындагы бурулуш учурлардын бири болуп калат деп толук ишенем».

Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg

Последние новости