www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында таштанды таштаган урнанын ичиндеги каробкадан ымыркайдын сөөгү табылды.

Бул тууралуу Ош шаарынын ИИБнен билдирди. Маалыматка ылайык, 13-декабрда болжол менен саат 14:40 чамасында цыгандар таштандыдан алюминий издеп жатып, жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгүн табышкан. Бала пакетке оролгон бойдон табылган, коробкада ошондой эле аялдын көйнөктөрү бар болчу. Баланын сөөгү жалпы таштанды төкчү полигондон табылган.

“Жаңы төрөлгөн ымыркай аял кишинин кийимине оролгон экен. Бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, шектүүлөр аныкталып жатат” деп милициядан билдирди.

Эскерте кетсек, КРнын мыйзамына ылайык, төрөлгөн баланы атайын өлтүрсө, кылмышкерге 100чү статья каралган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости