www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик каттоо кызматы кызматтарды санарипке өткөрүү боюнча алдыңкы позицияда болушу керектигин 14-декабрда президент өз сөзүндө баса белгиледи. Бирок учурда паспорт алуу процессинде гана ийгиликтүү, - дейт ал. "Жарандарыбыздын ою боюнча Мамлекеттик каттоо кызматкерлери коррупциялык механизмдерди жок кылууга жакшы аракет кылбай жатат. Мен алардын оюна кошулам" - дейт Сооронбай Жээнбеков.
"Эмне үчүн ушундай эле процесс транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоодо, жарандык актыларды каттоо системасында байкалбайт".
Кечээ эле биз Бишкек шаардык транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо бөлүмүнүн ишин көрдүк.
Көчөдө кезек күткөндөрдүн аягы көрүнбөйт, жарандардын баары нааразы.
Ал эми ичинде жетекчиси жана анын кол алдындагылар акча табууга шарт түзгөн коррупциялык схемасын түзүп алышкан.
Мындан улам — автомектептердин бүтүрүүчүлөрү сапатсыз болуп, ар кандай жол-транспорт кырсыктарын жаратууда. Алардын айынан жарандарыбыздын, айрыкча балдардын өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч жаралып жатат.
Ооба, статистикага таянсак, 2017-жылы эле Кыргызстанда авариядан 907 адам, анын ичинен 104 бала каза болгон. Жалпысынан алып караганда, Кыргызстан боюнча жолдо күнүгө 2 адам көз жумат.
Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg