www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов отставкага кетти.
Ал отставкасы тууралуу: «Ушундай нерсенин болуп кетээрин, ага карата алдын ала чараларды көрбөгөндүгүмө байланыштуу, бир адамдын кылган мыйзамсыз иши жалпы транспорт министрлигиндеги ак, өз эмгеги менен чын дилинен иштеп келген адамдардын бардыгына көө сыйпалып калгандыгына байланыштуу өзүмдүн коллективимден кечирим сурайм. Себеп дегенде ушундай болушу керек эмес эле, себеп дегенде биз акыркы жылдары министрликте көп-көп реформалоо боюнча, коррупциялык схеманы азайтуу, ошол жердеги адамдык факторлорду жоюу боюнча жумуштарды аткарып келгенбиз. Ал улана бермекчи, коллектив бар, жумуш алдыга жылат деген чоң үмүтүм бар. Транспорт жана жолдор министрлигинин алкагындагы менин орун басарымдын мыйзамсыз жумуштарынын алкагында бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүрүп жатат. Ушул тергөө амалдары жүрүп жаткан учурда менин жана өкмөт башчынын дарегине ар кандай негизсиз чуулгандуу күнөөлөр тагылгандыгына байланыштуу, бүгүн мен өзүм чечтим, тергөө амалдарына байланыштуу мен өз каалоом менен арыз жазып бердим. Тергөө жүрүп жатканда менин бул постто турууга моралдык укугум жок деп эсептейм. Менин дагы айтарым, менин берген маалыматтарымдын алкагында иш амалдары жүрүп жаткан. Бирок, мен ошол жерде менин орун басарым Жусубалиев кармалып калат деп эч качан ойлогон эмесмин. Ошол жердеги жумушта Жусубалиевдин кармалгандыгына байланыштуу мен бүгүн чындыгында министр болуп иштөөгө менин моралдык укугум деп чечтим да, арызымды өз колум менен жаздым. Келечек тууралуу мен чындыгында 1984-жылдан бери министрликте эмгектенип келдим, ар кандай тармактарда. Мен ойлойм, кызматсыз, же жумушсуз калбайм деп, себеп дегенде менде профессионалдык деңгээлдеги белгилүү иш билгилик мүмкүнчүлүктөрүм бар. Жол тармагында, консультативдик, экспертизалык тармакта, мен ойлойм, дагы деле кыргыз элине кызмат кылууга ар дайым даярмын», - деди
Эскерте кетсек, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы 5-декабрда буга чейин козголгон кылмыш иштин алкагында министрдин орун басарын кармашкан. Ведомствонун маалыматы боюнча, транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 500 миң доллар өлчөмүндөгү акчаны алып жаткан учурда колго түшүрүлгөн.
Булак: NazarNews.kg