www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент күч органдарынан соттордун ишине кийлигишүүнү токтотууну талап кылды
Бүгүн соттордун XII курултайында президент Садыр Жапаров Башкы прокуратуранын, УКМКнын, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине соттордун ишине кийлигишүү практикасын токтотуу талабы менен кайрылды.
Анын айтымында, ар ким өз иши менен гана алек болушу керек.
«Эгерде өз милдеттериңизди так, мыйзам чегинде аткарсаңыз, сотторго басым жасоонун кереги жок, анткени мыйзам баарына бирдей», - Садыр Жапаров
Ал белгилегендей, сот статистикасын карасак, сотторго кайрылгандардын саны жыл сайын өсүүдө, иштердин саны өсүүдө. Демек, эл сотко кайрылып, ал жакта бузулган укуктарын коргойт.
«Мен жалпы Кыргызстан элине кайрылат элем: ким болсок да, чиновник болобу, укук коргоочу болобу, жөнөкөй жаран болобу, баарыбыз укуктук маданиятыбызды жогорулаталы. Кандай гана талаш-тартышты болбосун мыйзам чегинде гана чечкенди, мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечимдерин сыйлаганды үйрөнөбүз. Ошентип, ар бирибиз соттордун көз карандысыздыгын бекемдөөгө салым кошуп, адилеттүү сот системасынын калыптанышына салым кошобуз», - деди мамлекет башчы.
Булак: NazarNews.kg