www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда журналистти өлтүрүүгө шектелген жаран Бишкектен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 26-февраль күнү Бишкек шаарынын аймагынан Түркия жараны 1984-жылы туулган А.И. кармалган. Анын жанынан М.И. аттуу Түркия жаранына таандык жасалма паспорт жана айдоочулук күбөлүк табылган.

Текшерүү учурунда кармалган чет өлкөлүк жаранга Түркияда издөө жарыяланганы, 2007-жылы Стамбул шаарында журналист Грант Динкти өлтүрүүгө шек саналганы аныкталган.

Учурда, шектүү  Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына эки айга камалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости