www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапония Украинага курал-жарак берүүнү чечти

Жапониянын Улуттук коопсуздук кеңеши Украинага өзүн-өзү коргоо күчтөрүнүн соотторун берүү чечимин кабыл алганын Жижи маалымат агенттиги билдирди.

Буга чейин Жапония Украинага ок өтпөс жилет жана өзүн-өзү коргоо күчтөрү үчүн башка жабдыктар түрүндө жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн караштырары кабарланган.

Эске салсак, Орусия Украинада аскердик операциясын 24-февралда баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан зордук-зомбулукка жана геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атады.

Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Куралдуу Күчтөр аскердик инфраструктурага жана украин аскерлерине гана сокку урууда, карапайым калкка эч нерсе коркунуч туудурбайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости