www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ырчы Гулнур Асанованын  социалдык баракчасына жазган “Манас бизге эч ким эмес” -деген пикири тууралуу КР мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов төмөнкү пикирин билдирди.

- "Манас бизге эч ким эмес" - деген шоу-бизнестин өкүлдөрүнө мамлекеттик катчы катары эскертме берип, тыюуга тапшырма бердиңизби?

- Тилекке каршы ушул биздин өлкөдө билим берүүнүн, жаңы идеологиянын, жаңы саясий маданиятты жайылтууда калпыстыктар кетип жатат. Бакай атабыздай нарктуу сакалдуу кишилер, эфирге көп чыгып, байма-бай түшүндүрүп айтып турса жакшы болот эле. 

Салтты билген үй-бүлөлөрдүн балдары андайга барбайт, ата-эне тарбиясын көрүп чоңоёт, же алар силердин заманыңар менен өттү дешет. Эч качан эски заман үзүлүп калбайт, алар уланып келет. Үзүлгөндө ал башка эл, башка улут болуп калат.

Билим алыш керек, бүгүнкү күндө өзүнүн тарыхына тайкы мамиле билимдин жетишсиздиги. Алыкул Осмоновдун “Ата -Журт”, “Адамзат” деген ырларын, Аалы Токомбаевдин “Даат”, “Күүнүн сыры” чыгармасын, Токтогулдун санат- насыят, терме ырларын жаттады бекен?  Же болбосо, Айтматовдун “Жамиласын” окуду бекен? Бул дүйнөнү дүңгүрөткөн не деген чыгарма?! - деди мамлекеттик катчы Касмамбетов. 

Толугу менен маекти төмөнкү тасмадан көрө аласыздар.

Эске сала кетсек, эки жума мурун ырчы, Гүлнур Асанова социалдык тармакка "Манас бизге эч ким эмес" - деп жазып, талкууга алынган. Азырынча бул көрүнүшкө маданият министрлиги үн ката элек. Асанованын коомду мазактап талкууга алганы үчүн кол топтолууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости