www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Кен казуу өнөр жайынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, укуктук жөнгө салуунун айкын системасын түзүү, анын потенциалын ачуу, калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана курчап турган чөйрөгө тийгизген таасирди азайтуу, ошондой эле жагымдуу инвестициялык климатты түзүү жана Кыргыз Республикасынын мындан аркы экономикалык өсүүсүнүн мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат: 

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын:

— жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө төмөнкүлөрдү караган мыйзамдардын бүтүн системасын түзүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Кен кодексинин долбоорун иштеп чыгуу жана 2021-жылдын 1-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү:

Кыргыз Республикасынын Кен кодексин кабыл алынган учурга карата лицензиясы бар жана жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасын иштеткен ишканаларды кошпогондо, уставдык капиталында мамлекеттин катышуусу 100% болгон улуттук кен казуу компаниясынын гана жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участкаларын иштетүүсү;

жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участкаларынын реестрине кирбеген пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүдө мамлекеттин үлүшүн; мамлекеттин үлүшүн алуу шарттарын;

— пайдалуу кен чыккан жерлерди мыйзамсыз казууга контролду күчөтүү, анын ичинде лицензиялык контролдоо, жер казынасын сарамжалдуу пайдаланууну, өнөр жайлык жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу; экологиялык коопсуздуктун эл аралык стандарттарын ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароо;

— экономикалык жактан келечеги бар кен чыккан жерлерди аныктоо үчүн геологиялык маалыматтардын аудитин жүргүзүү, ошондой эле жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участкаларынын  реестрин кеңейтүү;

— геологиялык чалгындоо ишине дем берүү жана жаңы кен чыккан жерлерди ачуу менен алардын андан аркы узак мөөнөттүү өнүгүшү үчүн  база түзүү боюнча натыйжалуу чараларды кабыл алуу; пайдалуу кендердин запастары боюнча отчеттуулуктун эл аралык стандартынын системасын киргизүүнүн мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу;

— Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерин сактоо менен кен компанияларынын жана подряддык уюмдардын персоналынын жалпы штаттык санынын 90%дан кем эмесин Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасынан  жалдоону камсыз кылуу;

— Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерин сактоо менен товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн 80%дан кем эмесинин, мындай товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлбөгөн учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасы аймагында сатылып алынышын камсыз кылуу;

— кен компанияларынан фонддорго, республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге келип түшкөн финансы каражаттарын бөлүштүрүүнүн сарамжалдуулугун, натыйжалуулугун жана ачыктыгын санарип платформалар аркылуу камсыз кылуу;

— 2021-жылдын 1-сентябрына чейин коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо үчүн кен пайдаланууга жана кен пайдалануучулар жүргүзгөн тышкы экономикалык ишке укукту электрондук лицензиялоо механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү;

— 2021-жылдын 1-майына чейин кен пайдалануу чөйрөсүндө уруксат берүүчү жана башка документтерди берүүнү санариптештирүү үчүн «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы боюнча маалыматтарды алмашууну камсыз кылуу; кен пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын электрондук кызмат көрсөтүүлөрүнүн мамлекеттик порталына жайгаштыруу;

— ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрүү, ошондой эле бул Жарлыкты ишке ашыруу боюнча аткарылуучу ишти кеңири чагылдыруу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости