www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн региондору боюнча иш сапарларын улантууда. 2019-жылдагы алгачкы иш сапарын Мамлекет башчысы бүгүн, 9-январда Чүй облусунун Сокулук районунан баштады.

Иш сапарынын алкагында Президент Сокулук районунун тургундары менен жолугушат, «Агропродукт Азия»  айыл чарба логистикалык борбору жана «Империал Групп Компани» бут кийим чыгаруучу ишкана менен таанышат.

Президент ошондой эле Сокулук районундагы ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендерди реабилитациялоо Борборуна да барат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости