www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-октябрда, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабында болуп, анда жаңы дайындалган жетекчи Таалайбек Өмүралиев менен өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу боюнча чараларды талкуулады.

Мамлекет башчысы учурдагы башкы милдет Бишкек шаарынын тургундарынын коопсуздугун жана коомдун тынчтыгын камсыздоо экендигин белгиледи.

«Бишкек шаарында бүгүн кечки саат 20.00дөн тартып өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө Жарлыкка кол койдум. Учурдагы кырдаалга жараша, биз тез арада абалды колго алып, тынчтыкты бекемдөөгө милдеттүүбүз. Шаарда кагылышууларды болтурбоо максатында өздүк курамды бронетехника менен алып чыгып, блокпостторду орнотуу зарыл», — деп баса белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков саясий чакырыктардан сырткары коомду бүлүккө салган чакырыктар болуп жаткандыгын кошумчалады.

«Шаар тургундары жана мекендештерибиз ар кандай саясий күчтөрдүн курмандыгы болуп калбашы керек. Ал үчүн мен, Мамлекет башчысы катары, конституциялык укуктарымдын  негизинде болгон аракетти жасайм. Элдин тынч жашоосу, өлкөнүн бүтүндүгүн сактап калууга милдеттүүбуз. Өлкөнүн бардык акыл-эстүү күчтөрү мени колдойт деп ишенем" — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Последние новости