www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

9-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапкерлеринин жана жаш активисттердин митинги үзгүлтүккө учурады. Митингде бир нече адам сүйлөп бүткөндөн кийин аянтка белгисиз бирөөлөр таш ыргыта башташкан.

Эсиңиздерге сала кетсек алгач Атамбаевдин тарапкерлери «Форум» имаратына чогулушкан. Аларга Бабанов келип кошулуп, митингчилер Ала-Тоо аянтына келишкен.  Жыйынтыгында Атамбаев баштаган качып кеткен, Атамбаевдин күзөтчүсү оор абалда канжалап жерде жатса, Тилек Токтогазиев эс-учун жоготкон видео тасма тарады.  

Качкандардан эӊ биринчи Бабанов, артынан Сапар Исаков анан Атамбаев кетишти. Тилек Токтогазиев жаштарга кармалып калды. Таң калычтуусу Тилек Токтогазиев ок өтпөс калыӊ жилет кийип алган. Жанар Акаев кайда кетти белгисиз. Кечээ ал сол бутума ок тийди деп аксап, кийин оӊ бутун таӊып алган эле.

Урматтуу кыргызстандыктар! Укуктук талаага келели! Шайлоону шылтоо кылып, бийлик талашкандардын жүзүн көрдүңөр! Мамлекет керек!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости