www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков «Жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун артка кайтарды.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү 6-сентябрда билдиргендей, Жээнбеков аталган мыйзамга каршы пикирге кол койду. Ага Жазык кодекси менен Жазык-процессуалдык кодекске киргизилген айрым өзгөртүүлөр негиз болду.

Жазык кодексине сунушталган 62-берененин 7-бөлүгү менен эгер шектенүү жөнүндө кабарлама бериле турган адам аныкталбаган болсо, жазык иши жоопкерчиликке тартуунун мөөнөтү өткөндүгү үчүн токтотулат деген ченем каралган. Президент бул мыйзамды өзгөртүүнүн кажети жок деп эсептейт.

Ал эми Жазык-процессуалдык кодекстин жаңы редакциясында 114-берене кылмыш боюнча шектүүгө карата бөгөт чарасы катары күрөө колдонула турганы жазылган. Бирок күрөө бөгөт чарасы катары белгиленбеген кылмыштардын тизмесин жана бардык коррупциялык кылмыштарды камтыбайт. Буга байланыштуу Жээнбеков тизмени кеңейтүүнү сунуш кылды.

Каршы пикирди парламентке сунуш кылуу ички иштер министрине жүктөлдү.

Документти парламент быйыл 25-июнда кабыл алып, коомчулукта талкууга алынган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости