www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

– Гүлмира айым, алгач өзүңүздүн башталгыч кызмат жолдоруңуз тууралуу айтып берсеңиз…

– Мен буга чейин көп эле жооптуу кызматтарда иштедим. Жогорку окуу жайда сабак бердим, ар кандай эл аралык долбоорлордо жетекчи болдум. Негизинен аткаруу бийлигинде көбүрөөк иштедим. Бир жолу да эскертүү же дарегиме жогору жактан сын уккан жокмун. Кайсы тармакка жөнөтсө кыйылбастан кызмат кылдым.

– Эмне үчүн “Мекеним Кыргызстан” партиясын тандап алдыңыз?

– “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен шайлоого эле эмес, буюрса, чоң саясатка багыт койдум десем болот. Анткени элдин ишенимине ээ болуп, эл өкүлү болуу чоң жоопкерчилик. Мен абдан ойлонуп, анан ушул партияны тандадым. Биринчиден, бул партиянын элге жакындыгы, элдин көйгөйүн чечүүнү колго алганы, жакындан жардам берип, кыйын мезгилде кылчактабастан кол сунган, калктын кызыкчылыгын биринчи орунга койгон программасы жакты. Экинчиден, ушул партияга кызыккандар колдогондор арбын экенин сездим. Үчүнчүдөн, мен сыяктуу эле “Мекеним Кыргызстан” партиясы дагы алгачкы жолу парламентке ат салышып элдин элегинен өтүп жатат. Кээ бир партияларга окшоп айтканы менен жасаганы дал келбей, элди тажатып, көңүлүн калтыра элек. Бир сөз менен айтканда, жыдый элек. Ошондуктан мен да саясий кадамды жаңы партия менен баштайын деген чечимге келдим.

– Кудай колдоп парламентке келип калсаңыз кандай долбоорлорду ишке ашырасыз?

– Кудайым буюруп, парламентке келип калсам, ар кандай тоскоолдуктардын негизинде ишке ашпай жүргөн эки эл аралык долбоорумду ишке ашыруунун аракетин көрөм. Биринчиси, калкты сапаттуу дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча бирдиктүү электрондук база түзүү. Экинчиси, түрктөрдүн дары-дармектер боюнча агентствосу 5 миллион долларлык медициналык каражаттарды жана дары-дармектерди бизге бекер берүүгө макул болгон. Буюрса, жакында алып келип, калктын саламаттыгын чыңдоого салым кошом.

– Элдин элегинен өтүп, депутат болуп калсаңыз шайлоочуларыңызга кандай пландар бар?

– Элдин элегинен өтүп, депутат болуп калсам, республика боюнча ооруканаларды керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздап, калкты жылына эки жолудан милдеттүү түрдө медициналык кароодон өткөрүүнү пландап жатам. Антпесек ааламды каптаган апаатта көйгөйдүн баары алаканга салгандай ачыкка чыгып калды. Мындан ары медицинага мындай мамиле кылууга жол жок экени сокурга дагы көрүндү. Чындыгында медицина көз жаздымда калганына баарыбыз күбө болдук.

– Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирус илдетинен кийин кандай ойлор сизди туңгуюкка жетеледи?

– Пандемиядан Кудайым колдоп аман-эсен чыгып алалы. Бирок ушундай айттырбай келген апаатка даяр болуу керектигин, жашоодо өмүрдөн, ден соолуктан кымбат эч нерсе жок экенин айгинеледи. Байлыгың да, бийлигиң да жаныңа аралжы боло албастыгын, адамдар бири-бирине кымбат экенин, жоготуу оор болорун билип, бири-бирибизге аяр мамиле кылып, сак болууну үйрөндүк.

Буюрса, элди түйшөлткөн бардык маселени чогуу чечип, мамлекетибиздин өнүгүшүнө салым кошобуз деген ниеттемин. “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасы кагаз бетинде эмес, иш жүзүнө ашат деген ишеничтемин.

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Последние новости