www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сингапурдун президенти Халима Якуб 23-майда Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен келди.

Маалыматка караганда, Якуб Астанадан Ташкенге Uzbekistan Airways авиакомпаниясынын катардагы каттамды аткарган Airbus A320 учагына пайдаланды. Ташкен аэропортунда аны Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Зулайхо Махкамова, тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов жана Ташкен мэринин милдетин аткаруучу Шавкат Умурзаков тосуп алды.

Сингапур президенти 25-майга чейин созула турган сапарынын алкагында Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев баштаган бир катар расмий бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, эки өлкөнүн бизнес-форумуна катышат деп күтүлүүдө.

Быйыл январда Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Сингапурга барып келген. "Википедиядагы" маалыматка ылайык, адатта Сингапурдун президенти, премьер-министри жана башка расмий адамдары чет өлкөлүк сапарларга катардагы аба каттамдары менен учуп жүрөт.

Последние новости