www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-февралда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек достук, ынак коңшулаштык жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары кеңейтүү жана бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Мамлекет башчылары эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн туруктуу өсүү динамикасын, ошондой эле ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн канааттануу менен белгилешти. Анын ичинде өнөр жай кооперациясы, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу жана “Камбар-Ата-1 ГЭСи” долбоору өзгөчө белгиленди.

Ошондой эле лидерлер регионалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, алдыдагы эки жана көп тараптуу иш-чаралардын графигин карап чыгышты.

Последние новости