www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти
Урматтуу Жээнбеков Сооронбай Шариповичке
КАЙРЫЛУУ
Урматтуу Президент Жээнбеков Сооронбай Шарипович!
Сабырдын түбү сары алтын деген сөздүн реалдуу жашоодо чындыгы бар экендиги анык. Кекчил болбой, сабырдуу, кечиримдүү, көтөрүмдүү, жөнөкөй, айкөлдүк кылган ХАН, ЖУРТ АТАСЫ элге жакын болоору бышык. Андыктан мен сизди сабырдуу, кечиримдүү айкөл эл башчы катары эсептеп, төмөнкүдөй кайрылуу жасагым келет.
Өзүңүзгө белгилүү өткөн бийликтин тушунда саясый туткун катары эсептелип, жекече өч алуу максатында түрдүү жалаалар менен иш козголуп, бүгүнкү күндө түрмөдө олтурушкан, сыртта жүргөн саясый, коомдук ишмерлер
1.Жапаров Садыр Нургужоевич
2.Мырзакматов Мелисбек Жоошбаевич
3.Текебаев Өмүрбек Чиркешович
4.Самаков Карганбек ж.б. бир топ (тизмелери коомчулукта белгилүү 33 коомдук саясий)коомдук ишмерлер, кыргыздын бычака сап жети дубандын жигиттери жөнүндө козголгон кылмыш иштерин абдан, тыкыр, кынтыксыз карап чыгуу үчүн Президенттин алдында атайын кесипкөй адамдардан мыйзам чегинде КООМДУК ТЕКШЕРҮҮЧҮ ТОП түзүп, түзүлгөн коомдук текшерүүчү топтун, иш аракетинин жыйынтыгынын сунушун, кабыл алынган токтомунун негизинде ӨЗҮҢҮЗДҮН САЯСЫЙ ЭРКТҮҮЛҮГҮҢҮЗДҮ, АЙКӨЛДҮГҮҢҮЗДҮ, АР ТАРАПТУУ ГУМАНДУУЛУГУҢУЗДУ КӨРСӨТҮП, АЖОЛУК АКТАГАН САЯСЫЙ ЧЕЧИМ ЧЫГАРСАҢЫЗ, адилеттүү, чындыкка тике караган АЙКӨЛ ПРЕЗИДЕНТ катары тарыхта калмаксыз.
Мындай талапты жалпы коомчулук тынымсыз массалык маалыматтардан коюп келет. Анткени, 1.Садыр Жапаров КУМТӨР боюнча айтылган чындык сөздүн курмандыгы болуп, башка жалаалар менен жөн эле түрмөдө олтурганын жалпы журт билет. Анын күйөрмандары, колдоочулары сизге тынымсыз кайрылып келет.
2.Мелис Мырзакматов жөнүндө өзүңүз кошо 2010-жылдан кийинки акыбалда куйкаланып, күйүп күл болгон Ош шаарын калыбына келтирүүдө кошо жүрүп, жасаган иш аракеттерине күбөсүз. Коррупция боюнча эч ким күнөө койгон эмес. Кылмыш иши жок эле жерден куралып, түзүлүп, күнөөкөр катары сыртынан өкүм чыгарылып соттолгонун билесиз. Мырзакматов кыргыздын керегине жарачуу тың чыкма жигиттеринин бири экени талашсыз. Ошондуктан козголгон кылмыш ишин коомдук жумушчу топ иликтеп чыкканга толук мүмкүнчүлүк бар. Саясый чечим менен актаганга негиз бар деп эсептеймин.
3. Текебаев Өмүрбек Чиркешович жөнүндө коюлган күнөө боюнча коомчулук жана анын жактоочулары, колдоочулары өз пикирин билдирип келет. Чет мамлекеттин жаранынын койгон жалаасынын негизинде күнөөлүү деп табылып өкүм чыккандыгы, мурунку бийликтин курмандыгы экендиги белгилүү.
4.Самаков Карганбек мырзанын коомдук, саясий ишмер экендигинен сырткары Кыргыздын тарыхында улуттук баалуулуктарды өзгөчө Манастын үч илтигин ЮНЕСКОго каттаткан эмгегин унутулгус баа жеткис эмгек экендигин бүткүл кыргыз эли билет. Рахмат айткандын ордуна түрмө менен, кылмыш ишин козгоо менен мурунку бийликтин ич күйдүлүк аракетин, адилетсиз, буйрук аткаруучу соттордун чыгарган чечиминин негизинде азап тартып келиши көпчүлүктүн нараазычылыгын туудуруп келет.
5.Калган 33гө жакын (А.Келдибеков, К.Ташиев,Н.Түлеев, Т.Мамытов,Асанов, Талгарбеков, Кадыров,ж.б) саясый туткундар түрмөдөн чыкканы менен алардын биротоло күнөөсүз саясый туткун экендиги аныкталган тизмеси же себептерин ачык бойдон калууда. Сиз тараптан эгерде коомдук изилдөөчү жумушчу топ түзүлүп калса аныктап чыгар. Негизинен мисал катары 3,4 саясый туткундарды мисал келтирдим.
Ошондуктан урматтуу Сооронбай Шарипович!
Эгерде жогоруда мен сунуш кылган маселенин айланасында терең ой жүгүртүп, жыйынтык чыгарып, чечкиндүү кадамдарга барган болсоңуз, биринчиден коомчулуктун жүрөгүндө турган жүрөк өйүткөн адилетсиздике, мыйзамсыздыка чекит койгон болосуз.
Экинчиден кыргыздын саясатта, коомчулукта орду бар, тың чыкма жигиттерине саясый колдоо көрсөткөн, айкөл, кечиримдүү, адилеттүү, мыйзамдуулукту колдогон, сөзү менен иши дал келген Президент, Журт Башы, Ажо катары тарыхта калаарыңыз бышык.
Үчүнчүдөн эгерде сиз чечкиндүүлүк менен Президенттин алдында кесипкөйлөрдүн коомдук комиссиясын түзүп, жыйынтык чыгарган бүтүм менен саясый чечим менен жыйынтык чыкпаса, анда өткөн бийликтин тушунда саясаттын курмандыгы болгон,саясый туткундар деп, айтууга мүмкүн эмес. Андыктан Кыргыздын тың чыкмаларын коргоо менен адилеттүүлүкө жол ачуу Президенттин мүмкүнчүлүгүнөн пайдалануунун акыйкат жолу деп түшүнөм.
Төртүнчүдөн мындай практика биздин мамлекетте колдонулган б.а. Генералдар Феликс Шаршенбаевич Куловдун, Ысмаил Ысаковичтин акыбалдарын мисал келтирүүгө болот.
Тескери көрүнүштү, ой пикирди көрбөй турам. Соттордун жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кайра каралган менен бүгүнкү күндөгү биздин өлкөдөгү сот системасында кандай соттор иштеп жатканы коомчулукта бештен белгилүү.
Бешинчиден эки жылга жакын убакыттагы Президенттик мөөнөтүңүздө Кудайга шүгүр ар тараптуу тажрыйба чогулта алдыңыз. Мусурманчылык аста секин деген кеп бар. Мамлекеттин башкаруу системасындагы ийгиликтер менен мүчүлүштүктөрдү аңдап билдиңиз. Убакыт бышып жетилди. Журт атасы, жарандардын кепилдигин алган киши катары чындыка тике карап чечкиндүү кадамдарды жаспганга мыйзамдуу укугуңуз бар. Мүмкүнчүлүгүңүщдөн, укугуңуздан пайдаланып адилеттүүлүкө, өзүңүз айткан мыйзам менен жашоонун принциптерине дал келе турган айкөлдүк кадам таштоо учур талабы.
Алтынчыдан кыргыз эли бийлик башында турган ЖУРТ АТАСЫ ПРЕЗИДЕНТКЕ карап түздөнөт. Мен ойлойм сиздин мындан ары жасай турган кадамдарыңыз көч башы катары адилеттүлүк, акыйкаттык, мыйзамдуулук багытында көчтү тартып кетесиз. Кыргыз эли сизге карап көчтү колдоп, кубаттап, сиздин багытыңызга карай түздөнөт.
Урматтуу Сооронбай Шарипович!
Көптөн бери соцсайттарда,ММКларда жана реалдуу жашоодо болуп жаткан көз караштардан, пикирлердин кагылышуусунан жекече көз карашымдын жыйынтыгы катары сизге кайрылууну туура көрдүм. Фейсбукта сиз менен достугубуз бар. Сөзсүз менин кайрылуумду окуйсуз ,тиешелүү жыйынтык менен жооп бересиз деп ойлоймун. Коомдук, саясый ишмер, ЖКтин бешинчи чакырылышынын депутаты, вице спикери, "Мээримбек" кайрымдуулук фондунун Президенти, өлкөдө болуп жаткан ар кандай маселеде өзүмдү кайдыгер эмес кыргыздын кызы катары түз кайрылуу жөнөткөнгө укугум бар деп эсептейм. Сизди терең урматтоо менен Нарматова Надира Азимовна