www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Жо Байдендин үйүн тинтишти

Америка Кошмо Штаттарынын Юстиция министрлигинин кызматкерлери президент Жо Байден жашаган турак жайды тинтүүгө алышты. Делавэр штатындагы Уилмингтон шаарындагы үйдөн жашыруун документтердин жаңы партиясы табылганын президенттин жактоочусу Роб Бауэр журналисттерге билдирген.

20-январдагы текшерүү иштери 12 саатка созулуп, жашыруун деген белгиси бар 6 документ алынган. Жактоочунун маалыматы боюнча, бул документтердин бир бөлүгү Байден сенатор болуп турган учурга, теңи вице-президент болгон учурга тиешелүү. Байден Делавэр штатынан 1973-2009-жылдары сенатор болсо, 2009-2017-жылдары вице-президент кызматын аркалаган.

Президенттин атайын кеңешчиси Ричард Заубер билдирген маалымат боюнча, тинтүү иштерине президент менен жубайы катышкан жок.

Буга чейин Байден тараптан жашыруун документтер чыкканы тууралуу 2 ирет жарыя болгон. Биринчиси 2022-жылдын ноябрына туура келип, аналитикалык борбордон чыккан документтердин арасында Украина, Иран, Улуу Британияга тиешелүү документтер болгон. Экинчи партия Байдендин Дэлавер шаарындагы үйүнүн гаражынан чыккан.

Американын президенттик архив тууралуу мыйзамынын негизинде президент жана вице-президентке тиешелүүү бардык документтер архив кызматына берилиши керек. Ал эми Байден табылган бардык документтер дароо Юстиция министрлиги менен архивге берилгенин, бул багытта тыгыз иштешип жатканын айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости