www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Жогорку соттун төрайымын кызматтан бошотту

Президент Садыр Жапаровдун Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кызматынан убактылуу бошотуу тууралуу сунушун бүгүн 31-мартта парламентке президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов жеткирген. Сунушту 61 депутат колдоп берди, 4 депутат каршы болду.

Соттор кеңешинин Тартип комиссиясыны 4-мартта Калиеваны кылмыш жообуна тартууга уруксат берген.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Гүлбара Калиеваны «Жергиликтүү сот» долбоору боюнча коррупциялык ишке шектүү катары жоопко тартууга уруксат сурап, Тартип комиссиясына былтыр декабрда кайрылган.

Эске салсак, буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын, ага Калиеванын тиешеси бар экенин, эгер Тартип комиссиясы макулдук берсе ал камакка алынарын айткан болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости