www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк Кореялыктар 30 дан ашык өз президенттерин жоопко тартышкан. Эми алардын жашоосун көрө бергиле. Дүйнөдөгү эң алдыңкы өлкөлөрдүн катарында. 

2016- жылы кезектеги президенти Пак Кын Хени 30 жылдан ашыкка кесип жиберишти.
 Кийин 24 жылга кыскартышты окшойт.
Ошол учурда Бишкекте командировкада жүргөн  бир корей аял менен сүйлөшүп калдым. ( Котормочу аркылуу) Аябай сабаттуу аял экен.

Эмесем толук диалог:
-Силердин өлкө келечекте аябай өнүгөт буюрса деп сөз баштап калды.Себеби бийлигиңер силерден коркот.( Элден) 
2 жолу төңкөрүш да жасадыңар. Бизде дагы ошондой. Бийлик Элибизден коркот. 

Пак Кын Хе көрүнүшүнөн мага аябай жумшак мүнөздүү, мээримдүү жакшы аялдай көрүнчү. Андыктан боорум ачып жүргөн. Убакыттан пайдаланып, дароо мындай суроо узатып калдым. 
- Президентиңер Пак Кын Хени эмне мынча көп жылга камап салдыңар? 5-6 жыл болбойт беле?
 Жада калса кылмыш, чыгымы деле болбогон эле нерсе экен эле го, мамлекеттик деңгээлде? Болгону досу экөө бир компаниядан бир аз акча киреше көрө коёлу дешкен экен. 
- Билесизби? Сиздин кичинекей балаңыз эгер, бир жактан 1 сом уурдап келсе, сиз ага, макул, аз эле го деп, балаңызды аяп койсоңуз, ал балаңыз сизге 20 жылдан кийин эбегейсиз чоң проблема жаратып берет. Андыктан балаңызды кичинекей нерсе үчүн дагы өтө катуу жазалашыңыз шарт. Келечек үчүн.
- Ммм түшүнүктүү.
-Орусиядачы? Жакында жакшы болобу? Төңкөрүш да болоюн деп калды окшойт?
-Жок. Аларда төңкөрүш болбойт. Себеби алардын тарыхында андай нерсе болгон эмес.
-Ким Чен Ын боюнча көз караш, оюңуз кандай? Жаман көрөсүңөрбү Түштүк Кореялыктар?
-Күлүп. Жок, тескерисинче жакшы көрөбүз биз аны..
- Себеп?
- Себеби биздин бийлик АКШдан аябай коркот а Ким Чен Ын түк коркпойт. Дайым АКШга  ыкыс көрсөтүп турат. А бул деген Корея чөлкөмүндө баланс кармалып турат деген сөз. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости