www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алп жазуучу Лев Толстойго (1828-1910) бийлик  карасанатайлык мамиле жасаганын, анын өлүмү да бийликти коркута турганын Ташкенттеги архивден көрүп ынандым. 

Полиция департаменти "Эгер Лев Толстой өлсө аны эскерген бир да демонстрация болбосун. Аны эскерген жыйындарга тыюу салынсын" - деген атайын циркулярын (билдирүүсүн) таркаткан. Мындай документ архивде бүгүн да сакталып турат.

Андан кийинки дагы бир документ "Граф Толстой эгер өлсө ал тууралуу эч кандай кулактандыруулар, эскерүү макалалар жергиликтүү гезиттерде басылбасын" - деп аталат. 

Эки документ тең 1902-жылга тийешелүү. Лев Толстой өлгөнгө чейин 8 жыл алдын эле ушундай көрсөтмөлөр таркатылып, андан падышалык бийлик өлгүдөй коркорун билдирип коюптур.

Ушул документтерди көрүп өз убагында улут лидери Исхак Раззаковго байланыштуу ушундай көрсөтмөлөр болгонунан күмөн санабадым. Ар убак алсыз бийлик күчтүү адамдардан, ал гана эмес алардын жансыз денесинен да алдастап коркуп келгени чындык экенине ынандым.

Кыяс Молдокасымов, Булак: NazarNews.kg

Последние новости