www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Түркияга 100 миллион доллар бөлөт. 

АКШ мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Түркияга жасаган иш-сапары учурунда кырсыктын кесепеттерин жоюуда НАТО боюнча эски союздашын колдой тургандыктарын билдирди. Кырсыктын кесепеттерин жоюуда узак убакыт талап кылынарын айткан Блинкен АКШ ар дайым жардамга келишээрин билдирип, алгачкы жардамга Сирия мамлекети менен кошо 185 млн доллар бөлүнгөнүн билдирди. Буга чейин дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн гуманитардык жардамдар келип жаткан Түркиянын түштүгүндөгү Адана шаарына жакын жайгашкан Инджирлик авиабазасынан Энтони Блинкен Түркиянын ТИМ министри Мевлют Чавышоглу менен чогуу тик учакка түшүп, кырсык болгон райондорду кыдырып чыгышты.

Түркия менен Сирия мамлекеттериндеги кырсыктан жалпысы 44377 адам мерт кеткен.  

Учурда кырсыктын кесепеттерин жоюуда дүйнө жүзү жардамга келишүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости