www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу КР Президенти Садыр Нургожоевич! Так ушул таптарда милициянын колу-бутун байлаган мыйзамдарга оңдоп-түзөтүүлөр жүргүзүлүп, кызуу талкууда. Андыктан, төмөндөгү жазылган кемчилдиктерди тыкыр көзөмөлгө алып, 2019-жылы 1-январда кабыл алынган кыргыз элин аңга түрткөн, бейөкмөт уюмдардын тобу жазган, «чимкириктер колдогон» мыйзамдарды жокко чыгарышыңыз зарыл. Бул чечкиндүү кадам Сизге жана элге пайда алып келет.

Алсак, бүгүнкү күндө, ыкчам бөлүмдөрдүн кызматкерлери тарабынан кылмыштуулуктун алдын-алуу жана ага каршы күрөшүү максатында ыкчам издөө иш-аракеттерин өз алдынча жүргүзүү укугунан ажырап, тергөө кызматынын атайын тапшырмасынын негизинде гана иш алып барып калган. Тактап айтканда каргашалуу окуя болгон жерди коргоо же көзөмөлгө алуу, шектүүлөрдү коштомо күзөт кылуу менен гана чектелет. Демек, бул кадам жалпак тил менен айтканда кылмыштуулуктун күчөшүнө чоң шарт түзүп, ыкчам кызматкерлер тобу тергөөчүнүн көзүн караган «байкуштардын» биринчи катарын толуктайт. Мисалга алсак, 2019-жылдын башынан күчүнө кирген кодекстердин негизинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ыкчам бөлүмдөрүнүн көйгөйлөрү укук коргоо органдарынын ыкчам бөлүмдөрү кылмыштуулуктун алдын-алууга толугу менен тыюу салынган. (Бул боюнча атайын сценарий жазып, план түзүп, видеотасмага тартып көрсө ыкчам кызматкерлердин учурдагы абалын түшүнсө болот)

Кудай сактасын, атайын ыкчам топ, кылмышкерлер 10 эмес, 100 адамдын башын кесип кетсе дагы эч кандай чара көрө алышпайт. Анткени алар кылмышты аныктоо үчүн ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү толугу менен мыйзамсыз. Анткени алардын аракети сотко чейинки өндүрүшкө кирбейт, ушуга байланыштуу төмөнкүдөй ыкчам иш-чара жүргүзүүгө такыр мүмкүн эмес жана төмөнкү баскычтарга маани берип, кылдаттык менен көңүл буруп чара көрсөңүз:

1) Ыкчам алдын алуу, башкача айтканда рейдтик иш-чараларын жүргүзүүгө;

2) Кылмышка жана издөөдө жүргөндүгүнө шектүү катары ошондой эле, ыкчам кызыкчылыгы бар адамдарды анын ичинде чет өлкөлүк жарандарды, ошондой эле издөөдөгү, эл аралык террористтик, экстремисттик уюмдарга, уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар адамдарды өз алдынча ИИОго чакырып алып келип өздүгүн тактоого жана тактоо үчүн жарандардан түшүндүрмѳ алууга;

3) Уурдалган далил зат буюмдарын издеп табуу максатында (ломбарддар, оңдоо-сатып алуу жайлары, зергер буюмдары сатылган жерлер жана уюлдук телефондорду, автоунааларды союп, чачып саткан жерлер, автоунааларды тейлөө борборлору) текшерип кароо жүргүзгөнгө.

4) Козголгон кылмыш иштери аяктап, сотко жиберилген учурда жана мурунку жылдардагы жарыяланган издөө иштери менен издөөдө жүргөн кылмышкерлердин үстүнөн издөө жүргүзүү, бүгүнкү күндө мүмкүн эмес. Себеби аталган категориядагы издөө иштеринин жүйөлүү маселеси болуп, атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн санкцияны алууга такыр болбойт. Анткени санкция сотко чейинки өндүрүштүн негизинде гана алынып, жогоруда аталган издөө ишин же мурда катталган кылмыш ишин КЖБРге кайрадан каттого туура келет.

5) Учурдагы жазык процесстик концепциясынын негизинде кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатындагы эл аралык укуктук актылардын жоболорун аткаруу мүмкүн эмес. Себеби, жаңы жазык процесстик ченемдеринде, жетишилген келишимдердеги ыкчам-издөө иш-чараларын өткөрүүнү каралган эмес, ошондой эле, азыркы атайын жана алдын-алуу иш-чараларды жүргүзүү, азыркы учурдун түшүнүгүнө дал келбейт.

Урматтуу Садыр Нургожоевич, башта айтып кеткендей 2019-жылы кабыл алынган мыйзамды жокко чыгаруу Сиздин гана колуңузда турат. Бул канчалаган кыргыздын тагдырын түрмөгө тыгып берген батышчыл топтун кызыкчылыгы, тактап айтканда Лейла Сыдыкова баштап жазган мыйзамды, өздөрүнүн колтугуна кысып айдаш керек. Бир нече адамдар чындыкты таппай чыркырап, бир эле тергөөчүүдө 500-1000ден ашуун иштер каралбай, айрымдары бул жарык дүйнө менен коштошуп жатат. Адамдын тагдырын Сиз жаман менен жакшыны түшүнгөн инсан катары туура түшүнүп, «жаныңыздагы айрым батышты сүйгөн 7 баштуу ажыдаарларга алданбай», эл өкүлү эмес, 6-чакырылыштын эл бузарлары, чыккынчылар колдоп берген мыйзамды колдобошуңуз керек!

Ишиңизге ийгилик, кыргыз элинин тагдырын жана кызыкчылыгын ойлоп, жогорку 2019-жылдагы «тозок» мыйзамды жокко чыгарып бересиз деп толугу менен ишенебиз. Ал мыйзам жокко чыкпаса кылмыш улана берет.

Байланыш: 0700 91 85 85 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости