www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясы Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кызматынан убактылуу бошотууга макулдук берди.

Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргендей, аталган комиссия президентке Гүлбара Калиеваны кызматынан биротоло алууну дагы сунуштады. Эми президент бул сунушту Жогорку Кеңешке жөнөтүшү керек.

Белгилей кетсек, буга чейин Тартип комиссиясы Калиеваны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.

УКМК Жогорку соттун айрым кызмат адамдарына карата «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалымат системасын иштеп чыгууда жана пайдаланууга берүүдө коррупция орун алганын жарыялап, анын алкагында сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости