www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин администрациясы “Аю Холдинг” компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримовдун президент Садыр Жапаровго Бишкектеги “Томми молл” соода борбору тууралуу ачык кайрылуусун териштирип баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
“Ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун Facebook социалдык тармагындагы ачык кайрылуусу тууралуу Президенттик администрация кабардар.
Азыркы учурда кайрылууда айтылган жагдайлар боюнча мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат жазуу жүзүндө берген жообунда.
Акыркы жылдары Лондондо жашап жаткан Шаршенбек Абдыкеримов 28-мартта Садыр Жапаровго мамлекетке өткөрүлгөнү айтылган эки ири соода борбору – “Аю Гранд Комфорт” жана “Томми молл” боюнча кайрылуу жасаган. Ал бул объект төмөн баада - үч-төрт бөлмөлүү батирдин наркында бааланып, жыйынтыгында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жубайынын айланасындагы адамдарга өтүп кеткенин жазган.
Ушундан кийин УКМКнын мурдагы төрагасынын уулу Таймурас Ташиев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жооп берип, анын айткандарын четке каккан. Таймурас Ташиев Абдыкеримовдун президентке кайрылуусун “биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттеринин уландысы” деп сыпаттаган.
Көп өтпөй буга Абдыкеримов жооп берип, ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын Фейсбук баракчасына жазган.