www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кашкадарыя облусундагы Нишан райондук милициясына түшкөн тургун ошол түнү кайтыш болгон.

Укук коргоо органдары Нурсоат Мухаммадиев облустук наркология диспансеринде кайтыш болду деп кабарлады. Бирок маркумдун туугандары ал милициянын ур-токмогунан өлгөнүн билдиришүүдө.

Карши райондук прокуратурасы Нурсоат Мұхаммадиевдин өлүмүнө байланыштуу тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүп жатат.

Бул арада 29-июлда Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Суркандарыя облусундагы Денау районунда инспектор менен анын эки жардамчысы жергиликтүү тургунду уруп өлтүргөнүн тастыктады.

Июль айынын аягында соцтармактарда Каракалпакстандын тургуну Бахтияр Даулетмуратовду Тахиаташ районунун инспектору уруп өлтүргөнү жөнүндө маалымат тараган. Каракалпакстан прокуратурасы тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

26-июнда Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев кыйноого жол бербөө жөнүндө документке кол койгон. Ага карабай өлкөдө бир айда эле үч адам укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ур-токмогунан каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости