www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов менен иштен айдалган Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин ортосундагы чырдын кесепети бир топ кадрдык орун алмашууларга жеткирди көрүнөт. Чыгалбай турган көз эле, чыгып кетти өзү дегендей, экөөнүн коомчулукка дүң болгон чуусунун шылтоосу аркылуу президент Садыр Жапаров кадрдык бир катар өзгөртүүлөрдү жасап алды.

Талашканга таш да жок демекчи, Кокуловдун чагымы менен ириде Иманалиев иштен кетти. Буга мектептен китеп таппай базардан 5-10 миң сомго балдарына китеп сатып берип, нааразы болгон ата-энелердин муң-зары кошулга-ташыл болуп кетти окшойт.

Арийне, бир кезде президент Садыр Жапаровду "Көлдүн аксакалдарына кайрылам, физкультурныйды сырттан окуган сабатсыз, тентек уулуңарды көлгө алып кетсеңер боло" деген сөзүнүн жообун алды.

Президент Жапаров стратег экен Иманалиевди билимдүү, илимдүү экениңди көрөйүн деп Билим берүү жана илим министри кылып туруп, арадан көп өткөрбөй "күлгө чапкан көтөндөй маскара кылып" иштен алып салды.

Ошол үчүн ашканда таракан аңдыган деңгээлдеги Эрулан Кокулов Жогорку Кеңеште бүтүндөй элге даңазалап: "Найти сегодня книгу в школах, это пашти што найти крокодила в реке Нарын", - деп табасы канып, Иманалиевдин өзүнүн бир кезде акылдуу болуп айткан фразасын өзүнө колдонуп, шылдыңга алып мыскылдады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости