www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровдун фондунун эсебинен Баткен шаарына 4, Баткен районуна 6 кичи футбол аянтчасы курулат. Бул тууралуу облустун өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, бүгүн президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов аталган футбол аянтчалары курула турчу жерлерди көрүп чыкты. Алар жергиликтүү бийликке катталып, жалпы элге кызмат кылат.

Курулуш иштери эки айлык мөөнөттө бүткөрүлүп, пайдаланууга берүү пландалган.

Аянтчалар төмөнкү аймактарда курулат:

Баткен шаарынын Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгынын Тамаша жай, Ак-Таш, Чет-Булак жана Булак-Башы аймактык башкармалыктарына;

Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылына;

Алтын-Бешик айыл аймагынын Газ, Кыштут айылдарына;

Кара-Бак айыл аймагынын Бай-Кара-Бак, Зардалы айылына;

Самаркандек айыл аймагынын Жаңы-Бак айылына.

Ошондой эле андан кийин да өлкө башчысынын колдоосу менен облустун ар бир айылына футбол аянтчасын куруу иштери улантылат.

Последние новости