www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Трамптын мурунку кеңешчиси Жорж Пападопулос Конгресстеги атайын угуунун алдында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат. 25-октябрь, 2018-жыл.
2016-жылы Дональд Трамптын шайлоо штабында тышкы саясат боюнча кеңешчи болгон Жорж Пападопулос 14 күндүк жазасын өтөөгө түрмөгө 26-ноябрда жөнөтүлдү. Сот анын буга чейин берген апелляциялык арызын четке какты деп жазып чыкты "Азаттык".
Пападопулос – Трамптын штабы менен орусиялыктардын байланышы бар-жогун иликтеген иштин алкагында жазага кириптер болгон биринчи кызматкер. Анын президенттик шайлоо өнөктүгүндөгү орусиялыктар жана алардын ортомчулары менен байланыштары Орусиянын АКШдагы шайлоого кийлигишүүсүн иликтөөгө түрткү берген.
Пападопулос Орусия менен байланышы тууралуу ФБРге калп айтканын моюнга алган соң быйыл сентябрда соттолгон.
Президент Трамп өзү буга чейинки сөздөрүндө АКШнын чалгын жамаатынын “2016-жылдагы шайлоого Орусия кийлигишти" деген бүтүмүн кабыл алган. Бирок ал шайлоо штабы менен Москванын ортосунда эч кандай келишүү болбогонун улам-улам билдирип жүрөт.
Булак: NazarNews.kg