www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров: Мурда сыйлыктар

Президент Садыр Жапаров 29-декабрда бир катар жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.Өлкө башчы мамлекеттик сыйлыктарды тапшырууга байланыштуу суроолорго жооп бергенин «Кабар» маалымат агентти жарыялады.

- Сиз мурда фейсбуктагы баракчаңызга: «Бийлик качаарда сыйлыктарды берип баштачу эле», - деп жазганыңыз эсибизде. Бул ирет дагы көптөгөн жарандарыбыз мамлекеттик сыйлыктарды алышты. Буга кандай комментарий бересиз?

- Ооба, 2015-жылдары жазсам керек эле. Ал кезде сыйлыктар татыктуу адамдарга берилбей эле, «дежурларга» көп берилген убак болчу. Ким бийликти мактап-жактап, коргоп турса, ошолорго же бийликтин жакындарына берилчү. Ошону айткам. Татыктуу адамдар тааныш-билиш менен алышчу же сатып алышчу. Бул акчаны өмүр бою эмгек акыга иштеген, башка бизнеси жок карапайым мугалим, карапайым дарыгерлер кайдан тапмак эле.

Эми мындан ары мамлекетке эмгеги сиңгендер гана алат. Администрациядан кимдеким мурдагыдай коррупциялык жол менен сатып же тааныш-билиштик кылып бере баштаган болсо, анын орду түрмө болот.

 

Последние новости