www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент өткөн айдын башынан бери коомчулукка чыкпай калган. Ошондон улам 62 жаштагы Гурбангулы Бердымухамедовду өлдү деген маалыматтар тараган эле. Анын «өлүмү» тууралуу алгачкылардан болуп, орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышкан.  Евразия маселелерине мониторинг жүргүзүү борборунун директору, политолог Аслан Рубаев Бердымухаммедов «бөйрөк оорусунан көз жумганын» Түркмөнстандагы булактарына таянып, «Говорит Москва» радиосуна билдирген эле:

«Бул тууралуу мага билдиргендер Ашхабадда жашашат. Алар ишкерлер. Мен алардан тактап сурасам, алар атайын кызматтарда иштеген тааныштары окуя Бердымухаммедов эс алууда жүргөндө болгонун билдиргенин айтышкан». Саясат таануучу көп өтпөй бул сөздөрүн жокко чыгарса да, түркмөн президентинин «өлүмү» тууралуу маалыматтар орус медиасына тездик менен тарап кеткен. Түркмөнстандык дипломаттар бул сөздөрдү жокко чыгарып, мамлекеттик телеканалдар түркмөн президенти 15-августка чейин эмгек өргүүсүндө экенин кабарлашкан.

Буга карабастан Бердымухаммедовдун эл көзүнө көрүнбөгөнү түкшүмөл ойлорду токтото алган эмес. Түркмөнстанда «Ватан» мамлекеттик телеканалы 4-августта эмгек өргүүсүндө жүргөн президент Гурбангулы Бердымухамедов тууралуу сюжет көрсөткөн. Дээрик жарым саатка созулган берүүдө Бердымухамедов адаттагыдай эле ок атып, спорт менен машыгып, китеп, ыр жазып, ал тургай Каракум чөлүндөгү эл арасында «Тозоктун дарбазасы» деп аталган газ кратеринин тегерегинде спорттук автоунаасы менен жүргөнү көрсөтүлгөн. Бирок бул видео 5-июлдан кийин тартылганына далилдер келтирилген эмес.

Кантсе да бир нече аптага созулган жоромолдордон кийин түркмөн президенти тирүү экени белгилүү болду. Бирок ал эмне үчүн бир айдай эл көзүнө көрүнбөй калганы, анын «өлүмү» тууралуу айың-кептерди ким, эмне себептен чыгарганы, анын саламаттыгында маселе бар-жогу азырынча белгисиз бойдон турат.

Австрияда жашаган оппозициячыл түркмөн саясатчысы, Түркмөнстандын республикалык партиясынын башчысы Нурмухаммед Ханамов мындай сөздөргө Бердымухаммедовдун ден соолугунун начарлаганы негиз берди деп эсептейт: «Анын жоголуп кетишин ден соолугу менен байланыштырат элем. Менимче, ал дарыланып жатты окшойт. Анын үстүнө Каспий боюнча чоң саммитке да даярдануу керек болду. Ага бул жыйында дени сак болуп көрүнүш үчүн дарыланууга туура келди. Ошондуктан саммиттин алдында гана пайда болду. Анын дени сак деп айтпайт элем. Себеби ал шар сүйлөбөй жатат. Кыймыл-аракети да жай. Сырткы көрүнүшүнөн деле адамдын саламаттыгы жайында эмес экени көрүнүп турат», - деп билдирди» оппозициячыл саясатчы.

Ошол эле учурда Ханамов түркмөн президенти элдин жана кол алдындагылардын реакциясын билиш үчүн деле өзүнүн «өлүмү» тууралуу айың кептерди чыгарышы мүмкүндүгүн кошумчалап, Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун тушунда да ушундай ушак-айыңдар байма-бай айтылып келгенин эске салды.

Гурбангулы Бердымухаммедов 2006-жылы Сапармурад Ниязов көз жумгандан бери Түркмөнстанды башкарып келет. Ал адаттан тыш жүрүм-туруму менен эл аралык коомчулукту таң калтырып жүрөт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости