www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин Түркияда тапкан байлыгын жарыя кылабыз деп көп нерсенин башын чыгарып алган пресс-кызматынын калпы чыга турган болуп калды. 35 млн доллары илгери эле болгон деп билдирүү жасагандарды Эдил Байсалов деген чунак кайдагы 25 млн долларды айтып жатат, болгону 27 миң доллар болот деп калпын чыгарып койду эле. Ага да болбой президенттин пресс-кызматы кайра-кайра ажонун долларын санап бергенди токтотпой жатат. Кийинки жумада президент өзү Эдичка деп эркелеткен Байсалов Түркиядагы Атамбаевдин байлыгы делген мүлктөрдүн канча тыйынга сатылганы, кимдерге тийиштүү болгонун ырастаган документтер менен жарыкка чыгарам деп туру. Эдичка документтерди Түркиядан өз колу менен алганын билдирип жатат. Анын колундагы документтер ажонун байлыгы кимге таандык экенин, канча тыйынга сатканын далилдесе Ак үйдөгүлөрдүн «Алласы» оозунан түшүп калабы?
Жылкыбаев да Жанышка таандык жерге жабышканбы?
Парламентте бийликке каршы сөз айтылса төшүн тосо калып чыкчу Узарбек Жылкыбаев деген КСДПнын депутаты бар болчу. Жакында эле Ысык-Көл облусуна губернатор болуп дайындалган. Жылкыбаевдин да артынан желдей болуп жаман сөздөр ээрчип жүрөт. Көлдүн эли да бул баланы кайсыл кылган кызматы үчүн губернатор кылып дайындашты деп баш чайкап олтурат дейт. Көрсө, Узарбек Жылкыбаев да жер маселесине келгенде куйругуна калбыр илчүлөрдүн катарына кирет экен да. Жаныш Бакиевдин заманы жүрүп жаткан кезде Узарбек Жылкыбаевдин Чолпон-Ата менен Бостеринин ортосунан Жакеге деп 50 гектар жерди заматта аким, айыл-өкмөттөрдү чогулта коюп, көз ачып жумгуча каттатып бере салганы ачыкка чыгабы? Же эл калп айтып жүрөбү? 7-апрелден кийин Жаныш өлкөдөн кеткенден соң Жылкыбаев баягы 50 гектар жерди өзүнүн жакындарына өткөрүп алганы тууралуу ак же көк деп айтканбы? Бакиевдердин мүлкү азыр да катуу талашка түшүп жатканда Жылкыбаевдин да бул кылганы аныкталып калып, ызы-чуунун чордонунда калбайбы?
Булак: "Жаңы Ордо"