www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан саламаттыкты сактоо министри Жамолиддин Абдуллозода президенттин жээндери сабап кеткенден эки жума өткөндөн кийин ишке чыкты.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы 3-августта министрликтин сайтына бир нече сүрөт жайгаштырып, Жамолиддин Абдуллозода жарандарды кабыл алып жатканын билдирди. “Озоди” радиосу бул сүрөттөр жаңыбы же мурун тартылганбы тактай алган жок.

20-июлда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун үч жээни дарыгерлерди, аткаминерлерди жана саламаттык сактоо министрин катуу сабап таштаган. Окуя президенттин бир тууган карындашы Курбонби Рахмонова көз жумгандан кийин болгон. Анын алдында чет өлкөлүк адистер дарыгерлер бейтапты туура эмес дарылаганын билдиришкен.

Ур-токмоктон саламаттык сактоо министри Жамолиддин Абдуллозода жана президенттик аппараттын медициналык борборунун башчысы Холмахмад Рахимзода олуттуу жаракат алганы кабарланган.

Бийлик министрдин жана башкы дарыгердин сабалышы боюнча расмий комментарий берген эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости