www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандын жаңы президенти, президенттин уулу  Сердар Бердымухаммедов өкмөт мүчөлөрү экономикалык абал боюнча отчет бергенден кийин 26 министрди кызматтан алды. Кызматтан кеткендердин ичинде социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр менен Министрлер кабинетинин төрагасынын экономика маселелери боюнча орун басары да бар. Бул Сердар Бердымухамедов президент болуп шайлагандан берки эң ири кадрдык өзгөрүү болуп эсептелет. Президент мындан тышкары Түркмөнстандын Австрия, Жапония, Бельгия, Франция, Түркия, Азербайжан, Украина жана Түштүк Кореядагы элчилерин да кызматтан бошотту. Сердар Бердымухамедов инаугурациядан кийин Министрлер кабинети менен Коопсуздук кеңешинин курамын өзгөрткөн.

Кышында шайлоо болмок. Бирок Казакстандагы окуялардан улам президент Гурбангулы Бердымухамедов кезексиз элдик кеңешти чакырып, шайлоону жазга узартып койгон. Казакстанда болгон башаламандык аны бул оюнан кайтууга аргасыз кылган. Казакстан сыяктуу Түркмөнстанда да баалар дүркүрөп өсүп жатат.Казакстан сыяктуу окуялар кайталанып кетпеши үчүн Гурбангулы Бердымухамедов Мамлекеттик коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөзүп тиешелүү органдарга интернетти ооздуктоо, элди тартипке салуу үчүн катуу талаптарды койгон. Украинадагы согушту тоготкон деле жок. Кезексиз президенттик шайлоо өткөзүп уулу Сердарга бийликти өткөзгөн Сердар болсо бийликти жей баштады. Түркмөнстанда Бердымухамедовдун пульсу согуп турат, ошондуктан ал өзүнө бийликке кийлигише турган жаңы постко киришкен.

Түркмөнстандын экс-президенти Гурбангулы Бердымухамедов уулу Сердарды президент кылып шайлатып алды. Сердар Бердымухамедов жаңы кызматка дайындалар алдында Түркмөнстан президенттин имаратында укмуштай ремонт жасалган. Сердар Бердымухамедов үчүн атайын элди таң калтырган эс алуу террасасы курулганы, ал эмес жакын жайгашкан үйлөр сырдалып, капиталдык ремонттон өткөн. 2020-жылы 7-февралда президенттин уулу өлкөнүн өнөр жай жана курулуш министри болуп дайындалган. Ага чейин Ахал облусунун губернатору болгон.

“Кудай” наамын мыйзамдаштырып, мындан ары шариатта айтылгандай аллахга эмес, Түркмөнстанда Түркмөнбашыга сыйына турган болушкан. Аркадаг (колдоочу) наамына ээ мурунку президент Гурбангулы Бердымухамедовдун саясий аңчылыгы 1997-жылы Саламаттыкты сактоо министри болгон соң башталган. 2001-жылы Сапамурад Ниязов аны вице-премьерликке алып келет. Ниязовдун көзү өткөн соң Түркмөнстандын 2007-жылдан тарта президенти , Түркмөнстан министрлер Кабинетинин төрагасы, Түркмөнстан Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы, медицина илимдеринин доктору, экономика илимдеринин доктору, Түркмөнстан илимдер Академиясынын академиги, Түркмөнстан демократиялык партиясынын төрагасы.

Эмне себептен Бердымухамедовдун саясий карьерасы тез өсүп, Сапармурад Ниязовдун көзү өткөн соң президент болгон? Анткени, ал Сапармурад Ниязовдун никесиз баласы дешет. Буга себеби факт катары Гурбангулы Бердымухамедовдун Сапармурад Ниязов менен коёндой окшоштугу жана кызмат жагынан тез секирип, президенттикке жеткендиги мисал келтиришет. Демек Сердар Сапармурад Ниязовдун небереси болуп калат.

Аргымакты алчаңдата минип, бир-эки дивизия аскери бар үчүн Армиянын генералы чинин алган экс- президент бар. Буюрса жакында маршалды алат. Бир күнү муруту жок сүрөткө түшүп, дагы бир убак өткөн соң муруту менен сүрөткө түшүп, иш бөлмөлөрдөгү сүрөттөрдүн барын жаңыртат.

Авторитардык режим орногонТүркмөнстанда Бердымухамедовго жүгүнүп алып тоңколоңдоп барышат. Антип барышпаса мансаптарынан айрылышы мүмкүн. Эми “кудайга” айланган Гурбангулы Бердымухамедовго китептер жазылып, ага сыйына турган болушту.

2020-жылыдын декабрында Жалал-Абад облусунда иш сапары менен жүргөн президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров эл менен жолугушууда суроолорго жооп берген. Суроо-жооп учурунда ал: «Кыргызстан эч качан Түркмөнстандагыдай болбойт. Айрым саясий күчтөр оозуна алы жетпей ушинтип айтып жатат. Оппозициялык күчтөрдү бийликке тартып жатам», - деген.

Эске салсак, 2020-жылдын 21-октябрында Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев: «Конституцияны уруп ойнобойлу, «элдин талабы» деген талапка жамынып өткөрбөй коёлу да, накта президенттик бийлик формасын жасайлы деген тарап. Эгер ошол система кирсе, бизде Өзбекстан же Казакстан эмес, Түркмөнстан болот. Түркмөнстандын парламенттиндей болуп жүгүнүп кол чаап турасыңар! Бар, арабызда жүгүнүп кол чаба тургандар. Ийилип кол чабасыңар. Келет ал!» - деген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости