www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пробация департаментине жаңы директор дайындалды

Казаков Кубан Каленович Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин директору болуп дайындалды. Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү буйрукка 10- февралда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

11-февралда Юстиция министринин орун басары Зарылбек уулу Алмазбек Пробация башкармалыгынын жамаатына жаңы дайындалган директор Кубан Казаковду тааныштырды. Буга чейин директорлук кызматты Зарылбек уулу Алмазбек ээлеп келген.

26-январда ал министрлер кабинетинин буйругу менен юстиция министринин орун басары болуп дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости