www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

13-февралда Алматынын Республика аянтында январь окуяларында каза болгондорду эскерүү жана кыйноого каршы митинг өттү.

Акция өткөн аймакта интернет өчүрүлгөнүн "Азаттыктын" казак кызматы жазды. Кандуу калабанын 40-күнүндөгү митинг бийликтин тыюуларына карабай уюштурулду. Эки апта мурун Алматы бийлиги активисттерге аза күтүү митингин өткөрүүгө уруксат бербей койгон. Формалдуу түрдө ага Республика аянтынын “тынч жыйындарды өткөрүү үчүн маслихат бекиткен жерлердин катарына кирбей калганы” себеп болгон.

Ошого карабай 13-февралда түшкө маал аянтка жарандар чогулушту. Активисттер кандуу калабада каза тапкандардын, жараат алгандардын жана кармалып, тергөө абагында кыйноого кабылгандардын тизмесин алып келишти. Акция маркумдарга багыштап куран окуу менен башталып, атайын токоч таратылды.

Мындан көп өтпөй митинг өтүп жаткан аймакта интернет өчкөн. Казак бийлиги маалыматтын тарап кетишин алдын алуу максатында ушундай ыкманы колдонуп келет. "Азаттыктын" кабарчылары аянттын тегерегинде полиция кызматкерлеринин машинелери, атайын техника топтолуп калганын байкашкан.

Журналисттер аянтка чогулгандар көбөйүп, 300-700 кишиге жеткенин жазышты. Акциянын катышуучулары "Токаев, кет! Сени бүтүндөй өлкө жаман көрөт!", "Кыйноого жол жок!", "Фашизмди токтот!", "Көз карандысыз иликтөөнү талап кылабыз", "Эл террорист эмес!" деген жазууларды көтөрүп чыгышты.

Митингге чыккандар арасында Январь окуяларында камалгандардын жакындары, ата-энелери бар.

Касым-Жомарт Токаев 7-январда тополоң чыгаргандарды “эл аралык деңгээлде даярдыктан өткөн террорчулар” деп атап, “эскертүүсүз ок атууга буйрук бергенин” айткан.

Январдагы башаламандык кан төгүү менен коштолуп, расмий маалыматтарда 227 киши каза тапканы айтылып жүрөт. Бирок укук коргоочулар каза болгондор мындан көп экенин билдирип келишет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости