www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкы прокуратуранын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борбору тарабынан "Прокурорлор үчүн коррупцияга каршы кесиптик-психологиялык даярдоо" темасында тренинг өткөрүлдү. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, иш-чара КР президентинин 2020-жылдын 25-сентябрындагы Жарлыгы менен бекитилген "2021-2024-жылдарга Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегиясынын" алкагында, прокуратура органдарынын кызматкерлерин коррупциялык укук бузууларга каршы күрөшүү жана коррупциялык жүрүм-турумга карата келишпестикти калыптандыруу максатында уюштурулду.
Анын катышуучулары коррупциялык жүрүм-турум психологиясы, коррупцияга таасир этүүчү саясий, экономикалык жана социалдык-психологиялык процесстер, коррупциялык кысым зонасында оппоненттердин психологиялык мүнөздөмөлөрүн колдонуунун натыйжалуулугу; коррупцияга каршы күрөшүүнүн атайын психологиялык методдору менен тааныштырылды.
Тренинг Европа Биримдигинин “Кыргызстандагы Мыйзамдын үстөмдүгүнүн - 2-фазасы” программасынын колдоосу менен, коррупцияга каршы билим берүү мектебинин эксперттери Н.Муканова жана Ч.Осмоналиеванын катышуусунда өттү.
Тренингдин аягында катышуучуларга сертификаттар берилди.
Булак: NazarNews.kg