www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 4-июнда, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Мамлекеттик тарых музейи менен Чолпон-Ата шаарындагы ат майданды реконструкциялоо иштерине байланыштуу сот отуруму улантылды. Сот отуруму Марат Сыдыковдун судьялыгы астында өтүп жатат. Айыпталуучулар — мурунку премьер-министр Сапар Исаков менен президенттин мурунку кеңешчиси Мира Карыбаева.

Мамлекеттик айыптоочулар Исаковду Кылмыш-жаза кодексиндеги 319-берененин 2-бөлүмү (эски редакция, коррупция) боюнча күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыратып, ошондой эле 247 млн сомдон ашык айып пул төлөөгө милдеттендирүүнү сурашты. 20 жылдын ичине Сапар Исаков Бишкек ЖЭБ боюнча соттолгон мөөнөт да кирет.

Ал эми прокурорлор Карыбаеваны Кылмыш-жаза кодексиндеги 320-берененин 1-бөлүмү (эски редакция, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салууну суранышты.

Белгилей кетсек, тарых музейи менен ат майданды реконструкциялоого байланышкан иш боюнча мурунку 6 чиновникке 303-берене менен айып тагылган. Ал эми мамлекетке келтирилген жалпы чыгым 247 млн сом болгон, анын ичинен 101,6 млн сом музейге, 145,9 млн сому ат майданга тиешелүү.

Бул иштерге байланыштуу Сапар Исаков, Алмаз Абдыкаров, Улукбек Матисаков, Мира Карыбаева, Шайбек Атамбеков, Айдарбек Мендеев сурак берүүдө.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Алмаз Абдыкаров, Улукбек Матисаков, Шайбек Атамбеков, Айдарбек Мендеев тергөө менен келишим түзүп, алардын иши өзүнчө өндүрүшкө алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости