www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рейдерлик кылмышка шектүү катары кармалган прокурор Улукбек Өмүрзаков өлкө аймагынан чыкпоо тил каты менен бошотулду. Бул тууралуу анын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.

Маалыматка караганда, мындай чечимди 30-январда Биринчи май райондук соту чыгарган

Белгилей кетсек, буга чейин адвокаттар Өмүрзаковду үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылышкан.

Өткөн жылы 12-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Өмүрзаков Ош облусунун аймагындагы көмүр кенин рейдерлик жол менен басып алууну уюштурууга тиешеси болушу мүмкүн деген негизде кармалганын маалымдаган. 5-ноябрда Улукбек Өмүрзаков ага карата каралоо жүрүп жатканын билдирген.

Эскерте кетсек, 3-ноябрда ошол кезде президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаровдун эл менен жолугушуусунда жергиликтүү тургун Канназар Ыдырысов Өмүрзаковдордун үй-бүлөсүнө даттанган. Жапаров анын айткандарын «жергиликтүү бийлик текшерип, карасын» деп жооп берген. Ыдырысов жыйында даттангандан кийин ага карата кысым болуп жатканын айтып чыккан.

Улукбек Өмүрзаков - ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууган иниси.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости