www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КАЙРЫЛУУ

Мен Калыкова Дариха Буркановна, Баткен областтынын прокурору Мамажакыпов Анарбай Кубатидиновичтин өлүмүнө шектүү Калыков Мелистин эжеси боломун.

Баарына белгилүү болгондой, 17-ноябрда Кыргызстанда резонанстуу кылмыш болгон, Баткен областтынын прокурору Мамажакыпов Анарбай Кубатидиновичтин аңчылыкка чыгып өлтүрүлгөнү жана ага аңчылыкка чыкан прокурорлордун көрсөтмөсү менен шектүү болуп иним Калыков Мелисти кармалды.

Иним Калыков Мелистин бул кылмышка тиешеси жоктугун төмөнкү фактылар далилдейт.

1) 19-ноябрда Баткен областтык ИИБ басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү Дамира Юсупова «Азаттык Үналгысына» маалымат берип жатып төмөнкүлөрдү айткан:

«Анчылыкка жалпысынан прокуратуранын 6 кызматкери жана областтын капиталдык куруу башкармасынын башчысы (Калыков М.) чыкан».

Бирок, бизге жеткен маалымат боюнча: аңчылыкка 8 киши чыкан, алар: маркум Мамажакыпов А.К., 2 орун басары, Баткен районун прокурору, 2 бөлүм башчысы, иним Калыков Мелис жана Эрнис аттуу жигит.

Эрнис аттуу жигит «Аю-Холдинг» арак чыгаруучу компаниясынын Баткен областтындагы өкүлү жана Баткен районун прокурорунун досу.

Аңчылыкка прокурордун досу Эрнис бир коробка «Level» арагын алып барганын элдер көргөн. Тилекке каршы Эрнис жөнүндө бул окуяда бир да сөз болгон эмес. Эмне себептен?- деген суроо пайда болот.

Мындан тышкары, аңчылыкка 2 автоунаа менен чыгышкан, бирөөсү иним Калыков Мелистин досунун «Лексус 470» үлгүсүндөгү автоунаасы, экинчиси Баткен районунун прокурорунун кызматтык автоунаасы «Нива» үлгүсүндөгү, катоо номери: «313 АС». Тоого кызматтык автоунааны мыйзамдын так аткарылышын көзөмөлдөөчү прокурор, айдап барган бул кызматтык абал менен колдонгону болуп эсептелет.

Элден түшкөн маалымат боюнча Каргашалуу Аңчылыкты Баткен районун прокурору уюштурган, жана менин инимди автоунаа тап деп буйрук берген. Мамлекеттик кызматкерлер прокурорлордун айтканын аткарбаймын деп айта албасын, элдин баары билет. Ошол себептен менин иним, биздин каршылыгыбызга карабай, айла жоктон макул болгон.

2) Дагы бир айтылбаган жагдай бул, Баткен элинин көрүп айткан окуясы, иним Калыков Мелис аңчылыктан келип Баткен ИИБ тарапка баратканда, астынан Баткен районун прокурору кызматтык Нивасы менен жолун тосуп токтотуп, түшуп келип «шефтин (Мамажакыпов А.К.) устуканы жана буюмдары сенин машинаңда калыптыр» деп багажниктен буюмдарды алып, анан иним Калыков Мелиске арак ичели деп,экөө кайра арак ичиптир. Баткен районун прокурору кетип баратып иним Калыков Мелис айдап жүргөн Лексус автоунаасынын ачкычын өзү менен чогуу алып кетип калган. Ошол жерден авто унааны Мелис ачык таштап аялын чакырып анын авто унаасы менен үйүнө келип кирип баратканда аңчылыкка чыккан прокурорлор милиция кызматкерлери менен келип кармап кеткен.

24 ноябрда Баткен ИИБнин орун басары Усанов Арстан маалымат жыйында, иним айдаган Лексус автоунаасы Турмаматов көчөсүндө турганын Баткен районун прокурору Калыбеков милиция кызматкерлерине кабарлаган деп айтты.

Андан кийин "милиция кызматкерлери Лексусту текшергенде, ичинен кандын тактары бар бычак, мылтыктын октору жана эшиктеринде кандын тактары табылды" деп Усанов Арстан маалымат жыйынында айтып жатат.

Бул жерде суроо туулат, эмне себептен Баткен районун прокурору Калыбаев Лексус автоунаасынын ачкычын алып кетти? Кандай максатта? Эмнеге арак ичип жатып иниме шек болсо кармаган эмес?

3) Дагы бир белгилеп кете турган жагдай, бүгүнкү күндө Баткен районунун прокурорунун милдетин аткарып жаткан Санжар аттуу прокурор жөнүндө Баткен элинде өтө жаман сөздөр айтылып жүрөт.

Маркум А.К.Мамажакыповтун денесин биринчи прокурор Санжар тоодон түндө көрсөтүүчү прибору (прибор ночного видения) менен таап алып, анан милиция кызматкерлерине кабарлаганы элдин арасында айтылып жүрөт.

Ал жакта прокурордун денесинин бар болгонун Санжар кантип билген? Себеби Баткенди курчаган тоолор көп.

Ошол эле учурда, 24-ноябрда Баткен ИИБнин орун басары Усанов Арстан маалымат жыйынында маркум А.К. Мамажакыповтун денесин милиция кызматкерлери тапты деп айтты.

Маалыматтар боюнча ушул эле Санжар эрте менен прокурорлор аңчылыкка кетип баратканын көргөн күбө катары катталган экен. Калыков Мелисти 2-айга СИЗОго кармоо боюнча сот процессинде Мамлекеттик айыптоочу болуп кайра Санжар катышкан.

Бул жерде бул кылмыш иши ачык-айкын өтөөрүнө кандай кепилдик бар? Эгерде аңчылыкка чыккан прокурорлор менен иштеген прокурорлор кайра бул окуяны иликтеп жатса.

Мындан сырткары Калыков Мелисти шектүү катары кармалганын биринчи себеби, аңчылыкка чыккан прокурорлор Калыков менен Мамажакыповдун ортосунда тоодо мушташ болгон деп берген көрсөтмөсү.

Тоодо Калыков менен Мамажакыпов мушташса, эмне үчүн экөө тоодон чогуу кайтат? Чындыгын айта турган Мамажакыпов А.К. бүгүнкү күндө тирүү эмес, 6 прокурордун сөзү чындыкпы же жалгыз прокурор эмес Калыковтун сөзү чынбы?

Албетте прокурорлордун, себеби аларды мыйзамды сактаган адам катары коом кабыл алат. Бирок, алардын колунан өткөн бей күнөө жана акчасы жок жарандарыбыз аларга ишенбейт. Бүгүнкү күндө алар түрмөдө күнүн өткөрүп жатат.

Маркум Мамажакыпов А.К. Баткен областтында болгону 5-ай иштеген, калган прокурорлор буга чейин иштеп келген,ошондой эле биринин ишин бири жакшы билет.

Кылмыш ишин иликтеген прокурорлор, кылмышты кантип башка бирөөгө шилтеп койгонду өтө жакшы өздөштүрсө керек, бирок жогорудагы нерселер жана Баткендин эли көргөн нерселерди жашыра алышпайт.

4) Бүгүнкү күндө иним Калыков Мелиске Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин өзүнүн кызматтык ишин же коомдук парзын жүзөгө ашырып жүргөн адамды же анын жакындарын;

6) өзгөчө мыкаачылык менен;

11) адамды уурдоо же барымтага алуу менен коштолгондо;

13) башка кылмышты жашыруу же аны жасоону жеңилдетүү максатында- пункттары менен иш козголгон.

Аңчылыкка чыканда прокурорлор кызматтык иши үчүн чыгабы же коомдук парзын аткаруу үчүнбү? Же Баткен районун прокурору уюштурган Аңчылык кызматтык иш болуп эсептелеби деген суроолор тынчыбызды алат.

Адамды уурдоо же барымтага алууну бул жерде кантип колдонсо болот?Аңчылыкка прокурорлор  чогуу барып, иниме Мамажакыповту А.К. орун басарлары салып жиберсе, кайсыл уурдоо, кайсыл барымтага алуу жөнүндө сөз болуп жатат?

"Башка кылмышты жашыруу максатында" деген күнөөсү да дал келбейт, себеби, Калыков Мелистин орун басары Акипресске берген интервьюсунда, буга чейин прокуратура текшерип, табылган бузуулар жоюлсун деп буйрутма берилген, алар өз учурунда жоюлган деп кабар берип жатат.

Калыков Мелистин маркум Мамажакыповду өлтүрүүгө юридикалык айтканда "мотив" болгон эмес.

Элдин айтуусу боюнча «мотив» кимде болушу мүмкүн, ошол областтык прокурор боломун деп болбой калган прокурордо, кыңыр иши шефине билинип калган прокурорлордо. Анын баарын тергөө ачык-айкын болгондо билинет!

5) Маркум Мамажакыповдун бир тууган агасы Өскөн Мамажакыпов «Нью ТВ» каналына берген маалыматында, ал да инисинин өлүмүнө кесиптештеринин байланыш бар деп айткан.

Ошол эле учурда буга чейин маркум прокурор граждандык активист Роза Мамановага укугу бузулуп жатканын айтып барганда мындай деп айтканын "vesti.kg" сайттына жарыя кылган: «мен баарын көрүп турамын, бирок мени иштетпей жатат деп», «өзумдүн кесиптештеримдин коррупциясы менен күрөшүп жатамын деп».

Ошол эле учурда Р. Маманова маркумдун өлүмүнө анын орун басарынын тиешеси бар деп айткан, себеби Баткен наркотрафик, коррупциянын уюгу деп.

25-ноябрда Алай эли жана маркумдун бир туугандары, тергөө ишенбестигин айтып чыкан жана анын өлүмүнө анын кесиптештеринин байланышы бар деп айтып жатат, себеби маркум прокуратурадагы коррупция менен күрөшүп баштаган.

6) Баткен элини кайрылуусу менен Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун тапшырмасы менен 23 ноябрь күну иним Калыков Мелисти, кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун кызматкерлери СИЗО-5тен иниме жолугуп, денесиндеги кыйноолордон калган тактарды сүрөткө тартып интернет баракчасына чыгарды.

Ошол эле учурда иним Калыков Мелис моюнуна коюлган күүнөөлөрду кыйноонун негизинде алганын айтып берген. Кыйноонун кесепетинен канча адам жабыркап жатканы өзүңүзгө белгилүү болуш керек. Милиция кызматкерлери тарабынан кыйноонун артында Баткен ИИБ башчысынын орун басары Усанов Арстан турат деп элдер айтып жатат.

Башкы прокуратурага кайрылмакпыз, бирок, прокурор кызматкерлеринин күнөөсү далилденсе да «честь мундира» деп иним Калыков Мелиске күнөөнүн баарын жүктөп салат деп коркобуз!.

Бул кылмышка прокурорлордун күнөөсү далилденсе прокуратура органына жаман ат түшөт деп иниме күнөөнүн баарын жүктөп койгону толук мүмкүнчүлүктөрү бар.

Жогорудагы фактылар менен Президенттибиз С.Ш.Жээнбековго, Жогорку Кенештин Төрагасы Д.А.Джумабековго, Акыйкатчы Т.Б.Мамытовго тергөө ачык-айкын өтүшүн көзөлдөп берсин деп кайрылдым.

Урматтуу ММК өкүлдөрү, сиздерден суранарым четте калбай, бул нерселерди элге жеткиришинерди суранамын өлкөбүздүн келеги үчүн! Мындай кырдаал ар бирибиз менен болбойт деп ким кепилдик бере алат жана укук коргоо органдары тарабынан подстава болбошуна кепилдик жок.

Калыкова Дариха Буркановна

Булак: NazarNews.kg

Последние новости