www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Келечек алдыда эмес, ал жаныңызда" деген билдирүү менен коомчулукка чыгышты япон компаниясы. Күн чыгыш өлкөсүндөгү бул ири ишкана учуучу кол чатырды жаратышкан.
Ал эмне болгон учуучу кол чатыр деп таң калып жатсаңыз керек? Чындыгында анын эч кандай өзгөчөлүгү деле жок. Тек гана кол чатырдын кармагычынын ордуна дрон бекитилип коюлган. Бул дрон камеранын жана атайын программанын жардамы менен кожоюнунун башын жаан-чачындан коргоп, кайда басса, ал да үстүнөн жылып жүрөт
Бул учуучу кол чатыр 2020-жылы сатыкка түшөт экен. Эгер жаан, кар менен кошо шамал-борошо урса, анда учуучу кол чатырдын жагдайы кандай болот деген суроого азырынча жооп боло элек.
Булак: "Сырдуу дүйнө"