www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өткөн жылдын 23-декабрынан 24-декабрына караган түнү Балыкчы шаарынын прокурорлору жана жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкери ортосунда мушташ болуп, ЖККББнын кызматкери жабыркаган. Кийинчерээк, бул иш боюнча башкы прокуратура “күч колдонуу менен кызматтык абалдан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгондугун кабарлап, Балыкчы шаарынын прокурорунун эки жардамчысы кызматтан бошотулгандыгын маалымдаган. Ошондой эле, ички кызматтык териштирүү дайындалгандыгы айтылган эле. Ошол эле маалда көзөмөл органы ал мушташка Балыкчы шаарынын прокурору катышпагандыгын белгилешкен.
Мына эми ошол кызматтык иликтөөдөн кандай жыйынтык чыкканын билели деп турабыз. Себеби, бизде бар эмеспи, ысыгында баса калып, кийин эмне болсо ошол болсун деген бир өнөкөт. Коомчулукка бир кабарлап койсоңор жакшы болмок! Эл билгиси келет дегендей...
Булак: NazarNews.kg