www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциялык «Пари Сен-Жермен» футбол клубу курама команданын чабуулчусу Килиан Мбаппени 300-350 миллион евро компенсацияга сатууга даяр. Бул тууралуу The Telegraph жазды.

Футболчунун 2025-жылга чейин келишими бар. Бирок, клуб эгер Мбаппе кеткиси келсе жана тиешелүү сунуш түшсө, аны сатууга даяр. Учурда «Пари Сен-Жермен» Мбаппени 300-350 миллион еврого баалап жатат.

“Реал Мадрид” Килианга бизден көбүрөөк сунуштады. Бирок, футболчу бизди тандап алды. Бул эң маанилүү билдирүү болду. Ал бул жерде ойноону тандаган жана кеп  акчада эмес», — деди ПСЖнын булагы.

Эске салсак, Килиан Мбаппе турнирдин жети беттешинде сегиз гол киргизип, Катарда өткөн дүйнө чемпиондугунун мыкты бомбардири аталды. 

18-декабрда, Доха шаарында  футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык беттеши өтүп, анда  Аргентина менен Франциянын улуттук курамалары ойноду. Соңунда Аргентинанын курамасы жеңишке жетип, дүйнө чемпиону аталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости