www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Азия Ньюс" гезитинин белгилүү журналисти Сурат Жылкычиев, "карышкыр" ылакабы менен коомчулукка таанымал Сабыр Муканбетовдон, качкын Сапар Исаковдун "президент болот элемин" деген дымагы тууралуу айтып берген.  

-- Сапар Исаков Москвада жатып алып бийликке жетүүнү көздөп жатканы тар чөйрөдө талкууда. Саясый элитанын күчтүү катмары, дээрлик байлар аны менен тымызын мамиле түзө баштаганы кандай? Чын эле Путин колдосо, Сапар Исаков Москвадан башкаруучу катары Бишкекке түшөбү?

-- Кремлдин ар кайсы башнясы Кыргызстандагы түркүн күчтөр менен ымала түзүп, асмандагы айды алып берүүнү айтышып, сырын иликтеп, падышага шыбырап турары жашыруун эмес. Акыры Владимир Владимирович кайсы башнянын тилине кирерин, кандай чечим кабыл аларын эч ким билбейт. Бирок “дүргүткүчтөр” иштей беришет, ымала уланып, убадалар бериле берет, биздин элиталар самсаалап агылышат, алар каалагандай калчашат.

Себеби, орустарга кыкеңдерди изилдөө, сырыбызды билүү абдан зарыл. Биз алардын стратегиялык кызыкчылыгы бар геостратегиялык аймакта турган өнөктөшүбүз. “Булар сатып кетишпесин” деп чара көрүшөт да... Максим Бакиевдин долбоорлору менен Алмазбек Атамбаевдин ичи-койнуна кирип, башын айлантып, түбүнө жеткен Сапар Исаков деген экс-премьер-министр Кремлдин башняларындагы эски досторун айланчыктап багып, Кыргызстандан уурдап алган акчаларын Россияга инвестициялап, бозгун болуп жан сактап жүрөт.

Бишкек ТЭЦи, “Датка-Кемин” подстанциясы, түндүк-түштүк альтернативалуу жолу сыяктуу курулуштарды алсак, баасын үч-төрт эсе кымбаттатып, кытайлардан откат алып, жыргаган заманын эңсеп, Москвадагы достору менен соодалашып, итаяк жалагычтарды жалдап, пиар жасап жатса керек. “Ары жок элге боло берет” деп атса катуу жаңылышат. Путин эмес, Николайы тирилип келсе да кыргыз эли андай тикелей көтөнзордукка көнбөшү керек. Эл болуудан калбайлы, андайга жол берилбеши керек, - деген "Азия Ньюс" гезитине берген маегинде Сабыр Муканбетов. 

Эске сала кетсек, "Жакында Сапар Исаков президент болот" деген маалыматтар акыркы учурларда социалдык тармакта жана коомчулукта сөздөр пайда боло баштады. 

Азырынча Сапар Исаков өзү агынан жарылып, "президент боломун" деп айтпагын менен Кремлди кылчактап айланып жүрө бергенин бир эмес бир нече жолу жазганбыз. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости