www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президенти Владимир Путин АКШнын жаңы элчиси Линн Трейсиге кайрылып жатып эки өлкөнүн ортосундагы кризис тереңдеп кеткенин билдирди.

Ал мындай көрүнүш АКШнын түстүү революцияларды, анын ичинде Украинадагы окуяларды колдогону үчүн болуп жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, шаршемби күнү Путин чет элдик мамлекеттердин (АКШ, ЕБ, Сирия, Дания, Норвегия, Ирак, Абхазия) жаңы дипломаттарынын ишеним грамоталарын алды.

Россиянын президенти РФ менен АКШнын мамилесинен глобалдык коопсуздук жана туруктуулук көз каранды экенин, эки өлкөнүн ортосундагы кризис тереңдеп жатканын белгилеген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Путин АКШ менен мамилени теңдик, суверенитетти сыйлоо жана ички иштерге кийлигишпөө прициби менен түзүүнү колдой турганын айткан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости