www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин ноябрда Балиде өтө турган G20 саммитине катышат. Бул тууралуу жыйынга төрагалык кылган Индонезиянын лидери Жоко Видодонун Bloomberg агенттигине берген маегине шилтеме кылып РИА Новости жазды.

Буга чейин Кремлдин маалымат кызматы Путин Видодо менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирген.

"Президент Путин келерин айтты. Андан тышкары, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин дагы катышары күтүлүүдө", — деди Индонезиянын башчысы.

Ал эми, бул боюнча Кремль комментарий берүүдөн баш тартты. Атын атагысы келбеген орусиялык чиновник Bloomberg басылмасына Владимир Путин G20 лидерлеринин жолугушуусуна катышууну пландап жатканын ырастады.

"Чоң жыйырмалыктын" лидерлеринин саммити 15-16-ноябрда Балиде өтөт. Буга чейин АКШ жана бир катар өлкөлөр быйыл G20га төрагалык кылган Индонезияга Украинадагы абалдан улам Орусиянын саммитке катышуусунан баш тарттыруу үчүн басым жасаганга аракет кылган. Бирок Жакарта Россияга чакыруу жолдонгонун жана аны кайрадан артка чакырууга мүмкүн эместигин айткан.

G20 саммити экономикалык маселелерди карайт, саясат анын күн тартибине таасир этпеши керек. Ушул эле учурда Индонезия өкмөтү АКШ жана анын союздаштарынын сунушу боюнча Украинаны да иш-чарага чакырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости