www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президенти Владимир Путин армияда кызмат өтөө тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду — эми чет элдиктер мындай мүмкүнчүлүккө ээ болду, деп жазат

Документ укуктук маалыматтын интернет-порталында жарыяланды. РИА Новости.

«Бул жобо чет мамлекеттин жарандыгы же жашап турууга уруксаты же жарандын чет мамлекеттин аймагында туруктуу жашоо укугун ырастоочу башка документи болгондо жана чет өлкөлүк жарандар - Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүндө тынчтык мезгилде аскердик кызмат өтөө тартибин <...> аныктайт», - деп айтылат документте.

Мындан тышкары, жарандыгы жок адамдар орус армиясында кызмат өтөөгө мүмкүнчүлүк алышат.

Буга чейин мамлекет башчысы аскердик кызмат өтөө келишимин түзгөн чет элдиктерге Орусиянын жарандыгын жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алууга уруксат берген жарлыкка кол койгон. Бул укук алардын жубайларына, ата-энелерине жана балдарына да берилет.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости